Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Нарын

Кар көчкүдөн талкаланган Ат-Кулак жайлоосунун жолу оңдолуп жатат (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айылында Ат-Кулак жайлоосуна бара турчу 8 чакырым жолго шагыл төгүлүп, оңдоо иштери жүрүп жаткандыгын айылдын жайыт комитетинин башчысы Алмаз Шергазиев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, Ат-Кулак жайлоосуна аталган айылдан онго чукул малчы барып жайлап келишет. Бирок бул жолго жергиликтүү тургундардын автоунаалары тыгылып, бир топ эле кыйынчылык жаратып келген.

«Малчылардын маселеси эске алынды. Жайыт комитетинен 22 миң сом каражат бөлүп, ал каражатка техникалардын күйүүчү майын алып, жолго шагыл төгүп, түздөө иштерин жүргүзүп жатабыз. Жалпы 8 чакырым аралык жолду оңдой турган болсок, учурда 1 чакырымын бүттүк. Жумушка айыл өкмөттүн карамагындагы техсервистин экскаваторун жана жүк тартуучу унаасын колдонуп жатабыз. Бул жол кышкысын кар көчкүлөрдөн, кыян суулардан талкаланып калган.

Ал эми экологияга зыян келтирбей, жайыт жерлерин казып шагыл албастан, Ат-Кулак сайынан агып келген шагылды жүктөп келип жатабыз», - деди Алмаз Абдылдаев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1372
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×