Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Нарын

Нарын районунда таланттуу мугалимдер тандалды (фото)

Turmush -  Нарын райондук билим берүү бөлүмү Аймактарды өнүктүрүү жылына карата «Мугалим коомдун күзгүсү-2018» кароо-сынагын өткөрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, сынакка өрөөндөрдөн тандалып келген сегиз мугалим катышты. Алар калыстар тарабынан берилген саламдашуу, интеллектуалдык суроолор, макал-лакаптарды чечмелөө, өнөр таймаш сыяктуу тапшырмаларды аткарышып, ачык сабактын фрагменттерин көрсөтүштү. Сынактын жыйынтыгында баш байге М.Иманалиев атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Нуржан Усуповага ыйгарылды. Ал эми 1-орунду Б.Кыязов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Гүлнур Каиязова, 2-орунду К.Абиров атындагы орто мектебинин химия сабагынын мугалими Ссел Мукашова, 3-орунду С.Керимбаев атындагы орто мектебинин мугалими биология мугалими Жылдыз Жумабаева жана А.Аралбаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Айтбүбү Абдраева ээлешти. Жеңүүүлөргө Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн тиешелүү даражадагы дипломдору жана баалуу белектери тапшырылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1278
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×