Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Нарын облусуКочкор району 09.06.2018 15:10

Кочкордо жаңы сүт заводунун курулушу жүрүүдө (фото)

Turmush -  Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Кочкордо иш сапары менен болуп, сүт заводунун иши менен таанышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, сүттү кайра иштетүүчү ишканасында 50 адам жумуш орундары менен камсыз болушкан. Бул жерде жайкысын суткасына 4,5 тоннага чейин сүт кайра иштетилет. Өндүрүлгөн продукция өлкөнүн ички рыногунда сатылат. Учурда заманбап талаптарга жооп берген жаңы сүт заводунун курулушу жүрүүдө. Лизингдик программанын негизинде жабдуу алууга жеңилдетилген насыя алынган. Курулуш аяктаган соң, аталган заводдун сүттү иштетүү боюнча кубаттуулугу суткасына 15 тоннаны түзүп, 100 чейин жаңы жумуш орундары пайда болот.

Өкмөт башчы мындай ишканалардын санынын көбөйүшү өлкө аймактарынын өнүгүүсүнө жагымдуу таасирин тийгизерин айтуу менен жергиликтүү бийлик органдары жер-жерлердеги ишкерлерге колдон келген көмөктү көрсөтүүсү керектигин белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×