Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Нарын облусуНарын району 08.06.2018 17:04

Нарын районунда Бишкек—Торугарт унаа жолун асфальттоо ишинен үнөмдөлгөн каражатка ички жолдор жасалууда (фото)

Turmush -  Нарын районунун Эмгекчил айылына баруучу 5 чакырым жол жана Нарын шаарын Жаңы-Жол аймагы аркылуу айланып өтүүчү 4,13 чакырым жол Бишкек—Торугарт унаа жолун асфальттоо ишинен үнөмдөлгөн каражатка асфальтталууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, жергиликтүү бийлик Бишкек—Торугарт унаа жолун асфальттоо иштери менен жеринде таанышты.

«Нарын шаарын Жаңы-Жол аймагы аркылуу айланып өтүүчү 4,12 чакырым жолдун эски асфальттары сыйрылып, эки көпүрөгө суу өтүүчү түтүктөр коюлууда. Ошол эле мезгилде Эмгекчил айылына баруучу 5 чакырым жолдун 650 метрине асфальт төшөлүп жатат. Асфальттын туурасы 7 метр болуп, ал 1 катмардан жана бийиктиги 6 см жетет. Бул аталган эки жол Кытайдын компаниясы тарабынан асфальтталууда. Мындан сырткары Он-Арча—Эчки-Башы унаа жолунун 3,5 чакырым жолу асфальтталганы турат, аны башка компания асфальттайт. Буюрса асфальттоо иштерин июль айынын аяк чегинде бүткөрүү каралууда», - деди Бишкек—Торугарт унаа жолунун техникалык консультанты Өмүрбек Шекеев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×