Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 08.06.2018 13:22

Ак-Талаадагы эки айылдын жайыт комитетине 1,9 млн сомго техника алынды (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районундагы Үгүт жана Байгөнчөк айылдарынын жайыт комитетине 1 млн 910 миң сомдук техника алынгандыгын айыл өкмөт башчысы Изат Эсенгулов аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, АРИС уюмунун «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоорунун алкагында алынган техниканын 1 млн 200 миң сому аталган уюм тарабынан, 490 миң сому жергиликтүү бюджеттен бөлүнсө, ал эми 220 миң сомун жергиликтүү тургундар чогултуп беришкен. Алынган техника жайыт жолдорун оңдоого, айыл ичиндеги ар кандай иштерге колдонулмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×