Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Нарын

Ак-Талаада Каржы кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Каржы кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленип, бир катар кесип ээлерине сыйлыктар тапшырылгандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 7-июнда аталган кесип ээлерин аким Нурбек Молдокадыров, акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, ардагерлер Бегаалы Бексултанов, Абдыкалык Саалиев, Качкынбек Абышбаев жана башкалар куттукташты.

Каржы министрлигинин «Каржы кызматынын мыктысы» төш белгиси менен сыйлангандар:
- Күлайым Турганалиева;
- Орозбүбү Нуралиева;
- Замира Бейшеналиева.

Каржы министрлигинин ардак грамотасы менен сыйлангандар:
- Рахатбүбү Чымбаева.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн ардак грамотасы менен сыйлангандар:
- Динара Мааткеримова;
- Дина Исакова.

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы менен сыйлангандар:
- Гүлмира Өмүржанова;
- Асылбүбү Сулайманова;
- Гүлмира Кулмурзаева;
- Айнакан Таштанкулова.

Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн ардак грамотасы менен сыйлангандар:
- Урматбек Жунусов;
- Айжамал Кадыркулова.

Андан сырткары, райондук казына бөлүмүнүн ардак грамотасы менен Жээнбек Такырбашов, райондук профсоюз комитетинин ардак грамотасы менен Майрамкүл Оторова, Кесиптик бирликтин Нарын облустук кеңешинин ардак грамотасы менен Нурбек Сейдибакасов, райондук аялдар кеңешинин ардак грамотасы менен Венера Нарматова, Баетов айыл өкмөтүнүн ардак грамотасы менен Бейшеналиева Замира, райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамотасы менен Азамат Аскарбеков сыйланышты. Ошондой эле, Баетов айыл өкмөтүндө көп жылдардан бери бухгалтер кызматында иштеп келген Сатар Каленовго Баетов айыл аймагынын «Ардактуу атуул » наамы ыйгарылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 865
Көп окулду
×