Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 07.06.2018 18:20

Элет көйгөйү: 15 жылдан бери курулушу бүтпөгөн Бирликтеги мектеп (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районундагы жергиликтүү кеңештин депутаттары Жогорку Кеңеште болуп, фракция лидерлери менен жолугуп, жергиликтүү маселелерди көтөрүштү. Бул тууралуу айыл активисти Жанболот Бердигулов билдирди.

Анын айтымында, депутаттар Ат-Башы жергесинде бала-бакчалардын жетишсиздигин жана кезекте турган балдардын саны көп экендигин айтышкан. Ошондой эле, Бирлик айылындагы жаңы мектептин курулушу 15 жылдан бери бүтпөй жаткандыгын билдирип, бул маселени тез арада чечип берүүнү суранышкан.

«Учурда райондо бала бакчалар жетишсиз. Айылдагы менчик бала бакчалар 25 балага ылайыкталган. Бирок аларда 50 бала тарбияланат. Ар бир айылда 200гө чукул бала кезекте турат. Бирликтеги мектептин курулушу бүтпөйт же эски мектеп оңдолбойт. Кандай күн болот билбейбиз», - деди Ж.Бердигулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×