Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 07.06.2018 13:46

Ак-Талаанын Кара-Бүргөн айылынын жаштары аз камсыз болгон 30 үй-бүлөгө азык-түлүк таратышты (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылынын жаштары айылдагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк тапшырышты. Бул тууралуу жаш активист Дөөлөт Сапарбек уулу аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, азык-түлүк айылдагы аз камсыз болгон 30 үй-бүлөгө берилген.

«Рамазан айында битир-садага берүү ар бирибиздин парзыбыз. Албетте, азык-түлүк таратуу менен биз аларды бардар жашоого алып бара албайбыз. Бирок, ушундай кудайдын ыйык күнүндө абалдарын сурап, аз болсо дагы азык-түлүгүбүздү тапшырып, көңүлдөрүн көтөрүп коюу — бул адамдык милдет деп эсептесек болот. Негизи оң колуң менен бергенди, сол колуң билбесин деп коёт го. Муну билдирип жатканыбыздын себеби, башкаларга дагы үлгү кылып, алар дагы ушинтип колдоо көрсөтүп, бирb-бирибизге жөлөк болуп турсак деген ой», - деди Д.Сапарбек уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×