Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Нарын

Жеңеке: Ак-Талга келин болуп келген Р.Турсуналиева жолдошунан биринчи кайнатасы менен таанышкан (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылындагы бала бакчада 8 жылдан бери тарбиячы болуп эмгектенип келе жаткан 33 жаштагы Рыскүл Турсуналиева иштеги жетишкендиги жана келиндик доордогу кызыктуу көз ирмемдери туурасында аймактык кабарчыга айтып берди.

Рыскүл Турсуналиева 1985-жылы Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында туулган. Аталган айылдагы Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебин ийгиликтүү аяктаган соң, Нарын мамлекеттик университетиние башталгыч класстардын мугалими боюнча билим алып чыккан. 2004-жылы Ак-Тал айылындагы таланттуу жигит Жакшылык Оморовго турмушка чыгып, учурда 5 баланын сүйүктүү энеси болду. Ошондой эле айылдагы «Ак-Тал» бала бакчасында 8 жылдан бери тарбиячы болуп үзүрлүү эмгектенип, бала бакчанын ичиндеги сынакта 1-орунду жеңип, ардак грамота, айыл өкмөттүн ардак грамотасы менен сыйланган.

Сүрөт тартууга, спорттун волейбол түрүнө кызыккан Р.Турсуналиева бала бакчанын ичиндеги сүрөттөрдү өз чыгармачылыгы менен тартып, ал тургай дөңгөлөктөрдөн ар түрдүү жан-жаныбарлардын сөлөкөтүн жасап чыкты.

«Дөңгөлөктөрдөн ар кандай жан-жаныбарлардын, мультфильмдеги каармандардын сөлөкөтүн өз чыгармачылыгым менен жасап чыккам. Автоунаалардын дөңгөлөктөрүн ар кимден сурап чогултуп, бирок аны кесүү колумдан келбегендиктен айылдагы Асылбек Багышов жана Мирлан Нарматов деген байкелер жардам беришкен. Бир ай бою ушул иш менен алектенгем. Дөңгөлөктөргө окшоштуруп сүрөттөрүн тартып чыккам. Азыр ал эмгектер бала бакчанын айланасында турат», - деди Рыскүл жеңе.

Кайын журтунда келиндик кызматын мыкты өтөп, ар дайым жоолугун башынан түшүрбөй, шым кийбей, кайын сиңдилерин, кайнилерин тергеп айткан Р.Турсуналиева жаңы келин болуп келгендеги кызыктуу окуяларынан дагы айтып берди.

«Кайнатам менен менин атам экөө дос болчу. Бир жолу сиңдим экөөбүз шаарга кетебиз деп турсак, атамдын досу (кайнатасы) унаасы менен келип, "жүргүлө, мен шаарга салып жиберем" десе сүйүнүп, унаасына түшүп алдык. Ал бизди үйүнө алып барды. Чай ичип отурсак, бир жигит кыяк көтөрүп алып ырдап жүргөн. Кайнатамдан "бул ким, балаңызбы?" десем, "ооба, балам болот, үйлөнтөйүн деп жатам" деп койду. Ошентип мени келин кылып алышты.

Өзүм айылда туулуп өскөнүм менен чокко казан асып нан бышырып көрбөптүрмүн. Бир жолу кайненем "көмкөгө нан бышыр" дегенинен камырды алып барып, нан бышыргычка бышыргандай эле бирден салып бышырып жаткам. Бир убакта кайненем келип, "бүтүп калдыңбы, балам" деп сураса, "эми 2 салым калды" деп коём. Кайненем, "ай балам, мунун баарын бир эле салып бышырат" деди. Ошондо аябай уялып, бирок мага сабак болгон», - деди Р.Турсуналиева.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3920
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×