Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Нарын

Жумгалда Ч.Дүйшеева атындагы балдар искусство мектебинин 50 жылдык мааракеси белгиленди (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылындагы Чынара Дүйшеева атындагы балдар искусство мектебинин 50 жылдык мааракеси белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

1967-жылдын сентябрында ошол кездеги Жумгал райондук маданият бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Шарипа Исабекованын демилгеси жана маданият министри Г.Кондучалованын колдоосу менен ачылган мектепке алгачкы директор А.Станкеевич болгон.

Кийин 1971-жылдан бери Чаек балдар музыкалык мектеби болуп, фортепиано, аккордеон, комуз, үйлөмө аспаптары класстарына 3-4 мугалим сабак берип келген. 2009-жылдын 17-январынан тартып музыкалык мектепке искусство чебери Чынара Дүйшееванын ысымы берилип, балдар искусство мектеби болгон. Азыркы учурда мектеп көркөм сүрөт, хореография класстары менен толукталып, 15 мугалим эмгектенип келүүдө. Анын ичинде 5 маданияттын мыкты кызматкерлери, 3 эл агартуунун отличниги бар.

Аталган мектептин 50 жылдык мааракесине карата «Жаш музыкант» облустук кароо-сынагы Жумгал районунун Чаек айылында өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар тапшырылды. Салтанаттуу иш-чарада мектеп окуучулары жана бүтүрүүчүлөрү тарабынан концерт берилип, сыйлуу конок катары Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору М.Бегалиев, М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору Т.Мураталиев, Бишкек шаардык мэриясынын оркестринин дирижёру Б.Тилегенов, Жумгал райондук администрация башчысы А.Сапаров катышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 398
Көп окулду
×