Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Нарын облусуНарын району 05.06.2018 09:52

Айыл турмушу: Мугалим Ж.Тариелова памирлик балдарга 26 күндүн ичинде кыргыз тамгаларын таанытып, окуганды үйрөттү (фото)

Turmush -  Улуу жана Кичи Памирден Кыргызстанга келген боордошторго кыргыз тамгаларын таанытып, окуткан Жазгүл Тариелова мектепте иштегенине 11 жыл болду. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жазгүл Тариелова 1984-жылы 1-октябрда Ат-Башы районуна караштуу Ак-Тал айылында төрөлгөн. Мектепти жакшы бүтүп, Нарын мамлекеттик университетин артыкчылык диплом менен аяктаган. Анын Куланак айылына келин болуп келгенине 15 жыл болду.

«Мектепте иштеп жүргөндө көптөгөн ийгиликтерге жете алдым десем болот. Окуучулар менен иштешкенден ырахат алам. Директордун окуу жана тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштедим. Эки долбоор жаздым, экөө тең өтүп, мектептин ичине балдар жана кыздарга даараткана салынды. Экинчиси “Жаштарга жаркын келечек” долбоорунда спорттук аянтча курууга каражат уттук. Буюрса ошол кичи спорттук аянтчабызды курууну ишке ашырсак деген жакшы пландарыбыз бар», - деди ал.

Ж.Тариелова бош убактысында кол өнөрчүлүк менен алектенет.

«Аялзаты болгондон кийин үй тиричилик менен алектенебиз. Ишемби жана жекшемби күндөрү бош убакытта кыргыздын улуттук жасалгаларын жасоого кызыгам. Кайненем экөөбүз кийиз, шырдак жасайбыз. Апамдан тери иштеткенди үйрөндүм. Үйгө балдардын астына жылуу болсун деген максатта дайыма көлдөлөң колдонобуз, негизи эле теринин адамдын организмине тийгизген пайдасы өтө чоң. Үйдө кырктан ашуун көлдөлөң бар. Өткөн жылы эле апам 9 көлдөлөң жасады», - деди ал.

Жазгүл Тариелова учурда А.Аралбаев атындагы Куланак орто мектебинде башталгыч класстарга тамга таанытып эмгектенет.

«Кыргыз балдар менен памирлик балдардын айырмасы бар. Кыргыз балдар интернетке көбүрөөк басым жасаса, памирлик балдар окуйм деп турушат. Ушул жерин мактап айткым келет. Эки мугалим окуттук, 17 бала окуду. Алар 26 күндүн ичинде эсепти жана окуганды үйрөнүп чыгышты. Андан соң кесиптик лицейде жана мектепте билим алууну улантышты», - деди ал.

Жазгүл Тариелова 4 уулдун энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×