Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Нарын

Нарындык таксисттер Рамазан айынын урматына жүргүнчүлөрдү Бишкекке бекер ташып жатышат

Turmush -  Нарын шаарынын Нарын—Бишкек каттамында унаа айдаган айдоочулар Рамазан айына карата жүргүнчүлөрдө бекер ташып жатышат.

Нарын—Бишкек маршрутунун бригадири Камчыбек Жумамүдиновдун айтымында, өткөн жумада 20дан ашуун 4 орундуу такси жүргүнчүлөрдү ташыган. Айдоочулардын мындай иши бүгүнкү күнгө чейин уланып жатат.Айрым жүргүнчүлөр бекер ташуу болот десе ишене албай түшпөгөнүнөн аларды зордоп салып ташышты.

«Биздин бригадада көбүнчө жаштар басымдуулук кылат. Аларга ушундай жакшы ишти жасап жаткандарына ыраазычылык билдиргим келет. Өткөн жумада Нарындан Бишкекке 4 орундуу 20 такси элди бекер ташыды. Балдардын барын кетирип өзүм жыйырманчы болуп кеттим. Акыркы кеткен такси деп менин номеримди берип коюшуптур, телефон чалып алышып рахматтарын айтып, бата берип жатышты.

Орозодо сооп алган жакшы. Биздин башкы максатыбыз элден бата алып, сооп табуу болду. Элдин кээ бири ишенсе, кээси орто жолдон акча доолайсыңар деп ишене албай түшпөй жаткандар болду. Орозо айында сооп алалы деген эле ниетибиз бар деп тушүндүрдүк. Жолдун тыйыны өзүбүздүн чөнтөгүбүздөн болду. Кече күнү 2 унаа кетти. Кийинки жумада да ушундай иштерди жасоого ниеттенип жатабыз», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7017
Көп окулду
×