Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Нарын облусу, Нарын 02.06.2018 12:00

Нарын шаарынын жаштары майрамдан кийин сейил бактардагы таштандыларды тазалашты (фото)

Turmush -  Кечээ, 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүндөгү майрамдан кийин Нарын шаарындагы «Смарт», Р.Өмүрзакова жана «Алма бак» сейил бактарындагы таштанды ыктыярчылар тарабынан тазаланды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, аталган жайларда ар кандай иш-чаралар уюштурулган болчу. Андан кийин шаардын жаштары тазалык акциясын уюштуруп, айлана-чөйрөнүн тазалашты. «Таза-Нарын» ишканасы жардам берген жаштарга ыраазычылык билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×