Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 25.11.2019 23:16

Тарых инсаны: Нарындык Ж.Чолпонбаев биринчи мугалим Дүйшөндөй болуп, окуучуларга көчөдөн сабак өткөн (фото)

Turmush -  Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынан чыккан белгилүү мугалим, жазуучу Жапар Чолпонбаев тууралуу аймактык кабарчы маалыматтарды топтоду.

Ж.Чолпонбаев 1901-жылы Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында оокаттуу үй-бүлөдө туулган. Ал алты жашында айылдагы эски дин мектебине кирип, арабча кат сабатын жойгон. 1920-жылы Өзбекстандагы Ташкент шаарында ачылган 6 айлык мугалимдердин курсун окуп бүтүп, мугалимдик кесибин баштаган. 1923-жылы Казакстандагы Алматы шаарындагы кыргыз-казак педагогикалык техникумуна кирип, аны 1926-жылы аяктап, өз айылындагы окуучуларга сабак бере баштаган. 1934-жылдан тарта түштүк жергесинде иштеп баштаганда Улуу Ата Мекендик согуш башталып, мекенди коргоого аттанган. 1945-жылы согуштан кайтып келип, Өзгөн районунда 1949-жылга чейин боз үйдө жана көчөдө окуучуларга сабак өтүп турган. Ошол эле жылы Нарын шаарына келип, Нарындагы №1 жана №3 мектепте, андан кийин Кеңеш айылындагы орто мектептерде мугалим, директор жана директордун орун басары болуп иштеген. 1967-жылдан тарта Нарын педагогикалык окуу жайында методист кызматын аркалаган. Мындан тышкары көп жыл комсомолдук жана саясий чарбалык кызматтарда эмгектенген.

Ж.Чолпонбаев туура 57 жыл мугалим болуп иштеп, мугалимдик кесиби менен биргеликте чыгармачылык талантын кошо алып жүргөн. 1960-жылы 2-класстын «Эне тили» китебин түзүүгө катышып, «Өнөрү бар өлбөйт», «Ала мышык», «Чакчыгай менен суур», «Балалуу бүркүт баяны», «Ат-Башы» поэмалары сыяктуу бир топ чыгармаларды жараткан. Ошондой эле «Өмүргө татыган үч жыл», «Балдарга ат коюу» жана башка аталыштагы очерк, аңгеме, тамсилдердин автору болгон.

Ж.Чолпонбаевдин эмгеги эл арасында жогору бааланып, Кыргыз СССРнин «Эмгек Кызыл Туу» орденин алып, «Эмгек сиңирген мугалими» деген наамына ээ болуп, «Эл агартуунун отличниги» төш белгиси жана башка бир нече грамоталар менен сыйланган.

Ж.Чолпонбаевдин 82 жаштагы уулу Темиркул Чолпонбаев атасы абдан жумшак жана адамгерчиликтүү адам экенин айтып жана аны менен дайыма сыймыктанып келерин белгиледи.

«Атамдын мүнөзү жумшак адам болчу. Бирок сабак берүүдө абдан катуу эле. Үй-бүлөдө эки бир тууганбыз. Иним Ырыскул мындан 2 жыл мурун көз жумган. Атабыз бизди эркелетип, татыктуу тарбия берип, биз сыймыктанган камкор ата болчу. Апам Бүбүсара Дүйшөева экөө Өзгөн районунан таанышып, ошол жерден баш кошушкан экен», - деди ал.

Нарын шаарындагы №10 орто мектепке Ж.Чолпонбаевдин ысымы 1997-жылы ыйгарылган. Анын небереси Анара Чолпонбаева чоң атасынын жолун жолдоп, В.П.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясында мугалим болуп эмгектенет.

Эмгек сиңирген мугалим Жапар Чолпонбаев 1982-жылы көз жумган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×