Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Нарын

Айыл турмушу: 7 бир туугандуу жубайлардын үйүндө эгиз төрөлүп, А.Апасияева баатыр эне болду (фото)

Turmush -  Нарын районунун 38 жаштагы тургуну Айнагүл Апасияева быйыл «Баатыр эне» наамын алды. 4 кыз, 3 эркек баланын апасы менен аймактык кабарчы таанышты.

Айнагүл Апасияева 1980-жылы Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Бүргөн айылында төрөлгөн. 7 бир тууган, 19 жашында Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылына келин болуп келген. Жолдошу дагы 7 бир тууган.

«Көп балалуу болгон мага жагат. Балдарыма кудайым ыйман берсе эле болду деп жатам. Эң кичүү балдарым эгиздерди укканда аябай сүйүндүм. УЗИге түшкөндө дарыгерге кечке ырахмат айта бериптирмин, ал болсо “мен жазагандай алкыш айттың да” деп күлдүргөн. Чындыгында буга чейинкилердин баары кыз жана жалгыз бир балам бар болчу. Ага жолдош кылып бир бала төрөп алсам деп жүргөм. Кудай буйруп эгиз балалуу да болдук, чоңоюп калышты. Балдарымдын ортолору 3 жаштан айырма бар. Ден соолуктары жакшы, мектепте жакшы окуп жатышат, буюрса биздин үмүттү акташар деп жатабыз. Үмүт дегенибиз эми балдарым акылдуу, адам деген атка татыктуу болуп чыкса, жашоодо өз ордуларын тапса эле болду», - деди ал.

Айнагүл Апасияева жолдошу менен бирге мал чарбачылыгы менен алектенет.

«Азыр баары акчанын күчү менен бүтүп калбадыбы, мал чарбасын өнүктүрүп жакшы оокат кылса болот. Башкысы мал башын көбөйтүп алсак деп гана турабыз», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1615
Көп окулду
×