Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Нарын облусуКочкор району 01.06.2018 10:48

Кочкордо кичинекей балдар апаларына концерт тартуулашты (фото)

Turmush -  Кочкор районунда 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө бөбөктөргө балмуздак таратылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, Кочкор районунун Кара-Күңгөй айылындагы З.Иманалиев атындагы маданият үйүндө «Ата» жана «Аруузат» бала бакчасында тарбияланган бөбөктөр «Ар дайым апам болсун, дайыма болоюн мен» аттуу концертин коюшту. Бөбөктөрдүн күлкүгө бөлөгөн концерти менен кошо айыл өнөрпоздору да бөбөктөрдү куттуктап оюн-зоок тартуулашты. Салтанаттуу оюн-зооктон соң Кош-Дөбө айыл өкмөтү тарабынан баатыр энелерге белектер, бөбөктөргө балмуздак жана суусундуктар таратылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×