Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Нарын

Кочкордо жашылча-жемиш сактоочу соода-логистикалык борбор курулат (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунда пилоттук долбоор катары жашылча-жемиш сактоочу соода-логистикалык борбордун курулат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга облустук өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Маалым болгондой, Айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Кочкор районунун Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Рахатбек Абакиров, «Өндүрүүчүлөрдүн логистикалык ассоциасы» юридикалык жактардын бирикмесинин башчысы Мундуз Бейшеев жана «Кочкор логистик» айыл чарба коммерциялык кооперативинин жетекчиси Темирбек Шабданалиев жашылча-жемиш сактоочу соода-логистикалык борбор куруу боюнча Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Казухико Кикучи менен келишим түзүштү.

«Кызматташуу меморандуму 2 этапка бөлүнөт: 1-этапта тараптардын милдеттери көрсөтүлгөн келишимге кол коюлуп, 2-этабында JICA тарабынан курулуш материалдары жана техникалык каражаттар кооперативдин жоопкерчилигине өткөрүлүп берилет», - деп айтылат маалыматта.

Нарын облусунда 2012-жылдан баштап өткөрүлүп келе жаткан инвест-форумдардын биринде картошка сактоочу логистикалык борбордун долбоору тааныштырылган. Изденүүнүн жыйынтыгында Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан долбоор колдоого алынган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 701
Көп окулду
×