Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 29.05.2018 12:26

Ат-Башыдагы соода борбору өрттөндү (видео, фото)

Turmush -  Бүгүн, 29-майда саат 09:00 чамасында Ат-Башы районунун борборунда жайгашкан соода борбору өрттөнүп кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кырсык болгон жерге саат 09:15те келген өрт өчүрүүчүлөр болушунча аракет кылгандыгына карабастан, тилсиз жоо соода борборунун бардык жагын каптоого жетишкен. Алдын ала маалыматтарга караганда, өрт жер төлөдөн чыккан.

Соода борборунун жер төлөсүндө ашкана, биринчи кабатында азык-түлүк сатуучу дүкөн жайгашып, дүкөндүн ээси да ушул жерде жашап жаткан. Ал эми экинчи кабатында кредиттик союз, адвокатура, чач тарач жана кийим тигүүчү жай жайгашкан.

Өрт өчүрүүгө эки унаа тартылып, жергиликтүү тургундар, военкоматтын, РИИБдин жана кесиптик билим берүүнүн кызматкерлери көмөктөштү. Борбордун ичиндеги эмеректер жана товарлар мүмкүн болушунча сыртка чыгарылган.

Бул борбор жыгачтан салынып, контейнер менен капталган. Учурда өрттүн себептери жана андан келтирилген чыгымдар такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×