Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 21.05.2018 08:37 Жаңыланды: 21.05.2018 10:02

Айыл турмушу: Баетов айылына 140 миң сомдук асыл тукум букаларды алып келишти (фото)

Turmush -  Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Баетов айылына бодо малдардын асыл тукумдуулугун арттыруу максатында Абердин-ангусс тукумундагы 140 миң сомдук 3 бука алынып келди. Айыл өкмөт башчысы Талантбек Турусбековдун айтымында, АРИС уюмунун мал чарбасын колдоо жана рынокту өнүктүрүү долбоорунун алкагында айылга ар бири 140 миң сомго бааланган 2 жашка чейинки 3 бука берилген.

«Айылыбызда 12 миң калк жашайт. Уйлардын 13 кесүүсү бар. Айыл ичинде бука жок болгондуктан, эл төл алуу үчүн жайкысын саан уйларын жайлоого айдап жиберип, сүт сатып ичүүгө мажбур болушат. Ошол себептен бодо малдардын асылдуулугун арттыруу максатында Кочкордогу асыл тукум фермадан эт багытындагы 3 бука алып келдик. Анын ар биринин баасы 140 миң сомго чыкты. Мунун ичинен 100 миң сому жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары кошулуп, жол кире чыгымдары дагы ушул баанын ичинде болду», - деди айыл өкмөт башчысы.

Ошондой эле буга чейин лимузин тукумундагы 1 бука алынып келип, бирок ал карып калгандыктан тукум алуу кыйын болгон. Аны 60 миң сомго сатышып, анын каражаты айылга керектүү техникаларды алууга бериле турганын кошумчалады.

«Букалардын бири Баетовдун батыш тарабына, экинчиси аэропорт тарабына, үчүнчүсү Кайыңды-Булак айылына берилип, 3 адамга багуу милдеттендирилди. Букалар ар дайым айыл өкмөттүн көзөмөлүндө болот. Андан сырткары бул букаларга кошула турган уйлар текшерүүдөн өткөрүлүп, ар кандай оорулар болбошу зарыл. Антпесе букаларга ооруларды жуктуруп алсак кыйын болуп калат», - деди Т.Турусбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×