Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Нарын облусуНарын району 17.05.2018 09:36

Эмгекчилдин айрым тургундары Солтон-Сарыга алтын комбинатын курууга каршы чыгышты (фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылында жүзгө чукул киши чогулуп, Солтон-Сары жайлоосуна алтын комбинатын курууга каршы чыгышты.

Аймактык кабарчы билдиргендей, 15-майда чогулгандар Мамлекеттик геология агенттигинин, жергиликтүү бийликтин жана комбинат курууга лицензиясы бар кытайлык «Jhong ji Mining company» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда «Jhong ji Mining company» компаниясы Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүш үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы алгандыгы жана анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат курула турганы лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бар экени айтылды.

Жергиликтүүлөр Солтон-Сары жайлоосуна алтын комбинат курулса, ишканадан чыккан саркынды суу жайлоонун суусуна кошулуп, ал сууну мал-жандыктар жана ошол аймактагы малчылар ичип, ден соолукка чоң зыян тийгизерин айтып чыгышты.

«Мындан сырткары комбинаттан чыккан калдыктарды сактоочу жай да адам өмүрүнө кооптуу», - деп билдиришти элеттик тургундар.

Ал эми жергиликтүү бийлик «Jhong ji Mining company» компаниясы Эмгекчил айылына социалдык пакет катары 13 млн сом которуп берерин айтышты. Буга чейин аталган компания суу каналдын курулушуна 5 млн сом которгондугун кошумчалашты. Бирок мындай жардамга айыл жашоочулары макул болушкан жок. Алар комбинаттын зыяндуулугун иликтеп чыгуу максатында комиссия түзүп, тарап кетишти.

Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен 2012-жылы лицензия алган «Jhong ji Mining company» компаниясынын жүргүзгөн алгачкы иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча 1500 гектар жерде 10 тонна 52 кг алтын бар. Комбинаттын курулушу болсо 2018-жылга пландалган. Компания жерди убактылуу пайдаланыш үчүн 2030-жылга чейин мамлекеттен уруксат алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×