Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Нарында акыркы коңгуроо иш-чарасында коопсуздукту камсыз кылуу маселеси талкууланды (фото)

Turmush -  Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен Нарын облусунун аймагындагы жалпы билим берүү мектептериндеги акыркы коңгуроо бүтүрүү кечелерин өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында атайын жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, жыйындын максаты — жаш өспүрүмдөр тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштардын алдын алуу, ошондой эле жаш өспүрүмдөр катышкан кырсыктарга бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды өткөрүү, укук коргоо органдарынын, дин кызматкерлеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомчулуктун ортосунда натыйжалуу кызматташууну аныктоо жана ушул багыттагы ой-пикирлерди ортого салып, алдыңкы тажрыйбаларды жана практикаларды алмашуу үчүн платформа катары жетекчиликке алуу.

Жыйынга өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлүнүн биринчи орун басары К.Асизов, Нарын облусунун прокурорунун орун басары Т.Токтогазиев, Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов, Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун директору К.Мамытов, райондордун акимдери, алардын орун басарлары, шаар, райондордун билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчылары, Нарын районунун айыл өкмөт башчылары, Нарын шаарынын, Нарын районунун мектеп директорлору, окуу жай жетекчилери, ата-энелер комитеттери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Жыйында Нарын ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Уланбек Аалиев Нарын облусу боюнча жаш өспүрүмдөр арасында жана аларга карата жасалган кылмыштардын алдын алуу багытында 2018-жылдын 4 айына карата аткарылган иштери тууралуу кыскача маалымат берди. Анда ал Нарын облустук ички иштер башкармалыгы жана анын жер-жерлердеги ички иштер бөлүмдөрү тарабынан 2018-жылдын 4 айында өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо, укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу, селсаяктыкка жол бербөө багытында бир катар уюштуруучулук иш-чаралар жүзөгө ашырылгандыгын айтты. Ошондой эле жыйында кылмыштуулуктун абалы, жаш өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштар, өзүн-өзү өлтүрүү фактысы, алдын алуу иш-чаралары, балдар иштери боюнча комиссиянын иштери тууралуу да маалыматтар берилди.

2018-жылдын 4 айында өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын, селсаяктыктын, кароосуздуктун, зордук-зомбулуктун, ырайымсыз мамилелердин алдын алуу, томолой жана жарым-жартылай жетимдерге, тышкы жана ички мигранттардын балдарына көзөмөл кылуу, үй жайы жок балдарды аныктоо жана аларды окууга тартуу максатында жалпы 112 жолу (2017--жылы 118 жолу) «Кароосуз калган», «Допинг», «Өспүрүм», «Камкордук», «Кайрадан мектепке», «Антирэкет», «Лидер» аттуу алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлгөн. Рейддин жүрүшү менен көчөдө максатсыз жүргөн жана ар кандай терс көрүнүштөр менен жер-жерлердеги 951 өспүрүм шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнө алынып келинген.

Иш-чаранын жыйынтыгында милиция кызматкерлери билим берүү, социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, ата-энелер комитеттери менен биргеликте майрамдык иш-чара убагында окуучулар жана бүтүрүүчүлөр арасында кылмыш, укук бузууларды алдын алуу максатында мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу, автоунаалар менен жүрүүгө шарт түзүүгө тыюу салуу, окуу жайларда, кафе, ресторандарда майрамдык кечелерди уюштурууну жана ошондой эле калк жайгашкан аймактардан сырткары (туристтик базалар, эс алуу үйлөрү, тоого чыгуу) жайларда сейилдөөнү болтурбоо үчүн окуучулар жана ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү планын кабыл алышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1416
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×