Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Нарын

Ат-башылык футболчулар облустук мелдеште жеңүүчү аталышты (фото)

Turmush -  Нарын шаарында «Дени сак улут — өнүккөн өлкө» дегени ураандын алкагында айыл жаштарынын арасында спорттун 7 түрү боюнча өткөн облустук мелдеште ат-башылык спортчулар футболдук беттеште 1-орунду камсыз кылышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, футболдук мелдешке Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор, Жумгал, Нарын райондорунан келишкен айыл жаштарынан куралган командалар катышты. Эки күнгө созулган мелдеште айыл жаштары өздөрүнүн спортко болгон жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүшүп, күйөрмандарга кызыктуу оюн тартуулашты.

Оюндун жыйынтыгында Ат-Башы районунан келген айыл жаштарынын курама командасы бардык атаандаштарын жеңип, мелдештин жеңүүчүсү болду. Ал эми 2-орунду Ак-Талаа, 3-орунду Жумгал районунун командалары ээлешти. Жеңүүчүлөр Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын тиешелүү даражадагы дипломдору жана медалдары менен сыйланышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1525
×