Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Нарында согуштун жана ооруктун ардагерлерине азык-түлүк тапшырылды (фото)

Turmush -  Нарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана оорукта кызмат кылган ардагерлерге азык-түлүк тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Нарын ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Уланбек Аалиев, ардагерлер кеңешинин төрагасы Ж.Тентимишов, шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары согуштун, ички иштер органдарынын жана ооруктун ардагерлеринин үйлөрүн кыдырып, жылуу сөздөрүн, каалоо-тилектерин айтуу менен бирге башкармалыктын куттуктоо баракчаларын, азык-түлүк салынган баштыктарды тапшырышты.

«Алгач согуштун 95 жаштагы ардагери Тукеш Токтомушевдин үйүнө бардык. Нарын ОИИБдин көңүл бурганына ыраазы болуп, көзүнө жаш алган Тукеш Токтомушевичке Нарын ОИИБдин куттуктоо баракчасын жана азык-түлүк салынган баштык тапшырдык. Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Тезекбай Байшериевдин жесири Орозокан Исмаиловага дагы башкармалыктын куттуктоо баракчасы жана азык-түлүк салынган баштык тапшырылды.

Согуш маалындагы жашоону көз алдына элестеткен аталарыбыз жеңиштин баасын жана бул тынчтык күндүн баркын өсүп келе жаткан муунга айтпай кетүү мүмкүн эместигин билдиришип, алакан жайып, ак батасын беришип, терең ыраазычылыктарын билдиришти», - деп билдиришти Нарын ОИИБдин кызматкерлери.

Облус боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун жалпы 12 ардагерине жана алардын жубайларына, ошондой эле согуштун ардагеринин жесирине сый көрсөтүлүп, белектер тапшырылып, куттуктоолор айтылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1120
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×