Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Нарында кичи цехтерде өндүрүлүп жаткан продукциялардын көргөзмөсү уюштурулду (фото)

Turmush -  Бүгүн, 15-майда Нарын шаарында облустун ар кайсыл аймагында жеке ишкерлик менен алектенип баштаган ишкерлерге өндүрүш процесстерин, тейлөө кызматтарын стандартташтыруу жана метрологиялык камсыздоо боюнча маалымат берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган иш-чара Борбордук Азия университетинин үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү мектебинин жыйындар залында өтүп, ага өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жеке ишкерлер жана жаңы ишкерлик менен алектенген алтымыштан ашык адам катышты.

Иш-чарада кичи цехтерде өндүрүлүп жаткан продукциялардын көргөзмөсү уюштурулду.

Иш-чаранын максаты — жеке ишкерлер тарабынан товарларды стандартташтыруу жана сертификациялоо, мамлекеттик тапшырма, сунуштарды аныктоо, жергиликтүү сыноо, стандартташтыруу жана метрология борборунун кызматтары менен таанышуу, ХАССПтын талаптарын билүү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1311
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×