Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Нарын

Айыл турмушу: 47 жаштагы Р.Шабданова 25 жылдан бери медайым болуп эмгектенет (видео, фото)

Turmush -  Нарындын 47 жаштагы тургуну Рыскүл Шабданова Нарын облустук бириктирилген ооруканасында 25 жылдан бери эмгектенип келет. Ал бул кесипти тандап алуусуна атасынын ооруп калуусу себеп болгон. Мээрман айым менен аймактык кабарчы таанышты.

Шабданова 1971-жылы Нарын районуна караштуу Учкун айылында төрөлгөн. Бала кезинде мугалим болууну кыялданып, бирок атасынын сыркоолоп калгандыгына байланыштуу Нарын медициналык колледжин окуп бүтүргөн. Окуусун аяктагандан кийин турмушка чыккан. Жубайлар бүгүнкү күндө 3 баланын ата-энеси.

«Атамдын бир тууганынын колунда чоңойдум. Кичинекей кезимде балдарга билим берсем, мугалим болсом деп кыялданчумун. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп, атам ооруп калды. Ага жардам берип, өзүм эле айыктырып алсам деп тилечүмүн. Кийин мектепти аяктаган соң, Нарын медициналык окуу жайында 2,5 жыл окуп, 1992-жылы аяктадым. Андан кийин эле Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүнө медайым болуп ишке орношуп иштеп калдым. Быйыл орун алмаштыруулар болуп, үстүбүздөгү жылдын башында стерилизация бөлүмүнө которулдум», - деди Р.Шабданова.

Аталган бөлүмдө жалпы 18 кызматкер иштешет. Аларга оорукананын 20-бөлүмүнөн да бейтаптар келишет.

«Учурда кызым биология сабагын жакшы окуйт, кызыгат, жөндөмү бар. Буюрса эл керегине жараган дарыгер болот деген үмүттөмүн. Балдарымды ак кызмат кылгыла деп үйрөтүп келем. Улуу кызым 6-классынан баштап милиция болом дечү. Максатына жетип, учурда РИИБде тергөөчү болуп иштейт, 23 жашта. Улуу балам үйлөнүп-жайланган. Ал дагы милиционер болуп иштеп жатат. Жолдошум куруучу болуп иштеп жүрүп, эмгегинин үзүрү менен Бишкектен 3 бөлмөлүү үй алды. Баарыбыз тең эртең менен жумушка кетип, кечинде үйдөн жолугабыз. Мен өзүмдү абдан бактылуумун деп айта алам, өзүм 10, жолдошум 10 бир тууган», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 968
Көп окулду
×