Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Жумгалдык жаш спортчулар Ат-Башыда ушу саньда боюнча өткөн мелдеште алдыңкы орундарды багындырышты (фото)

Turmush -  Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата уюштурулган Кыргыз Республикасынын кубогунда жумгалдык жаш спортчулар ушу саньда боюнча 3 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медаль алышты. Бул тууралуу машыктыруучу Актан Жекшенов билдирди.

Анын айтымында, бул мелдешке Ош, Баткен, Чүй, Нарын, Талас облустарынан келген 150гө чукул жаш спортчулар катышкан.

«Бул биздин ийгилигибиз. Буга чейин да көптөгөн мелдештерге катышып келгенбиз. Мында жалпы 3 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медаль алып кайттык. Окуучуларымдын сүйүнүчүндө чек жок», - деди Жекшенов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1075
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×