Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Лахолдук Камчы кыргыз күрөшү боюнча Нарын облусунун чемпиону болду (фото)

Turmush -  Нарын районунун Лахол айылынын балбаны Камчы Эсенбек уулу «Дени сак улут — өнүгүп жаткан өлкө» аттуу ураандын алкагында айылдык жаштардын арасында өткөрүлгөн кыргыз күрөшү боюнча облустук мелдеште 1-орунду ээледи. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мелдешке облустун беш районунан келген балбандар 7 салмак категориясында өз күчтөрүн сынашты. Жыйынтыгында Нарын районунун Лахол айылынын тургуну Эсенбек уулу Камчы 96 кг салмак чен бирдигинде бардык атаандаштарын жеңип, чемпиондук наамга ээ болду.

Камчы Лахол айылындагы К.Рысмендиев атындагы орто мектебин 2012-жылы бүтүргөн. Анын спортко болгон кызыгуусу мектепте окуп жүргөндө башталган. Кыргыз күрөшү боюнча мелдештерге катышып, райондун, облустун намысын коргоп келет. Кийинчерээк чоң мелдештерге катышып баштаган. Ага мелдештин уюштуруучулары тарабынан Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын 1-даражадагы диплому жана алтын медаль тапшырылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1214
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×