Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Нарын

Терек-Сууда куураган бак-дарактар электр чубалгыларын кыйроого алып келүүдө (фото)

Turmush -  Ат-Башы районунун Терек-Суу айылында куураган бак-дарактар электр чубалгыларын кыйроого алып келүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургуну Тойчубек Кенжебаев билдирди.

Анын айтымында, аталган айылда куураган бак-дарактар көп, алардын айрымдары электр тирөөчтөрдүн жанында жайгашкан. Жергиликтүүлөр ал бактардын кооптуулугу тууралуу райондук электр тармактар ишканасына, айыл өкмөтүнө бир канча ирет кайрылышкан. Бирок андан эч кандай майнап чыккан эмес.

«Ат-Башы районунун Терек-Суу айылынын Мамет Табалдиев көчөсүндөгү №15 үйүнүн жанындагы чириген бактар адам өмүрүнө коркунуч жаратат. Себеби, бул эки бак эки ондук зым карагайдын дал ортосунда болгондуктан, өз алдынча кыюуга мүмкүн эмес болуп жатат. Мындай бактар айылда толтура. Бул маселени Ат-Башы электр тармактар ишканасы көңүл сыртында калтырып келет», - деди Кенжебаев.

Бул маселе боюнча Ат-Башы электр тармактар ишканасы арыз же билдирүүлөр кагаз түрүндө келбегендигин ырастап, маалымат берген жок.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
1
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 457
Көп окулду
×