Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 15.05.2018 08:30

Ак-Талаанын Чолок-Кайың айылындагы мектептин курулушу токтоп турат

Turmush -  Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылындагы Б.Календеров атындагы орто мектебинин 3 жыл мурда салына баштаган жаңы имаратынын курулушу токтоп турат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, 225 орунга ылайыкташтырылган мектептин пайдубалы казылган боюнча токтоп турат. Мектептин имаратынын тендердик баасы 56 млн сомду түзүп, ошол жылы 3 млн сом каражат бөлүнүп берилген. Анын ичинен 2 млн 455 миң сомдук жумуштар аткарылган. Андан кийин иштер токтоп калып, казылган жердин ичине куурайлар өсүп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×