Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусуНарын району 14.05.2018 18:26

Айыл турмушу: 28 жаштагы экономист Р.Мелисбеков ырчы жана алып баруучу болуп эмгектенет (видео, фото)

Turmush -  Жаш кезинен ар кыл талантка шыгы бар Нарын районунун Учкун айылынын 28 жаштагы тургуну Рысбек Мелисбеков учурда ырчылыкты жана алып баруучулукту бирдей алып жүрөт. Аймактык кабарчы өнөр ээси менен таанышты.

Рысбек Мелисбеков 1990-жылдын 15-февралында Учкун айылында туулган. Алгач Эсенгул Ибраев атындагы №4 орто мектепте окуп, андан соң С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган. Окуучу кезинен тартып эле жергиликтүү радиодо алып баруучулукту үйрөнүп, тажрыйба топтогон. Азыр Нарын облустук телерадиокомпаниясында алып баруучу болуп иш алып барат.

Рысбек Мелисбековдун репертуарында 6 ыр бар, алардын экөөсүнө клип тарттырган.

«Үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусумун. Иним менен карындашым бар, иним иштесе, карындашым учурда студент. Атам Мелисбек Жакыпов 1966-жылы туулган. Атам жаш кезинде комуз менен жакшы ырдачу, ыр жагына шыктуу. Бирок кийин ырдабай калган. Апам Максат Кемелова 1970-жылы туулган. Ал учурда Ү.Асанов атындагы мектеп-интернатында медайым болуп эмгектенет. Мен радиодо иштеп жүрүп алып баруучулук, чыгармачылык жакка көбүрөк кызыгып калдым», - деди Р.Мелисбеков.

Анын балалык кези Теңир-Тоо аймагынын Учкун айылында өткөн.

«Алгачкы жолу сахнага мектепте окуп жүргөндө чыккам. Кичинекей кезимден ырдоого абдан кызыкчумун. Белгилүү обончу жана аткаруучу, композитор Бакыт Мамаев агайыбызга жолугуп, ал адамдан вокалдан сабак алдым. Азыркы учурда эки тармакты бирдей алып келе жатам. Азыр алып баруучулук жакка көбүрөк басым жасап турган кезим», - деди ал.

Рысбек учурда үй-бүлөлүү, жубайы экөөнүн баш кошконуна 8 айдын жүзү болгон. Учурда алгачкы наристесин күтүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×