Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Видео, фото — Суунун аркы өйүзүнөн айтылган муң-кайгы жана курулушу үзгүлтүккө учураган Ак-Талчат көпүрөсү

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жайгашкан Ак-Талчат — Соң-Көл унаа жолунун 2-чакырымындагы Нарын дарыясынын Ак-Талчат көпүрөсүнүн курулуш иштери суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнөн улам кайрадан үзгүлтүккө учурагандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Нарын дарыясынын деңгээли кескин түрдө көтөрүлүп, суунун нугун буруп турган дамбаны агызып кеткен. Буга чейин, Нарын суусунун нугу бир жак ныптасына бурулуп, дамба курулуп жана элдин каттоосуна айланма жол жасалып берилген. Ошондой эле, көпүрөнүн 8 тирөөчү орнотулуп, 2 пролётуна плитасы жаткырылган эле.

Бүгүн, 14-майда район акими Нурбек Молдокадыров көпүрөгө барган учурда курулуш иштерин жүргүзүп жаткандар тарабынан көпүрөнүн ортоңку пролётундагы плиталарды жаткыруу үчүн суунун нугун кайра буруу керектиги айтылды.

Курулушчулардын билдиргенине караганда, дарыя бир аз тартылса суунун нугун буруп, ортоңку пролётуна плита коюлат. Ага бери дегенде эле 10 күндөй убакыт керектелет.

Ал эми, көпүрөнүн аркы өйүзүндөгү айылдардын тургундары нааразылыгын билдирип, ооруп жаткан адамдарды ооруканага жеткирүүдө кыйынчылыктар туулуп жаткандыгын айтышты.

«Көпүрө оңдолуп бүткөчө, ооруп кырылып калабызбы?» - деп кошумчалашты тургундар.

Кечээ, 14-майда болжол менен саат 14:00-15:00 чамасында кичинекей балдарын, жүгүн көтөрүп, сууну дал ортосунан кечип өткөн жергиликтүү тургундардын видеосу интернетке жарыяланып, талкууга жем таштаган.

Мындан туптуура бир жыл мурун кулап калуу коркунучуна кептелген чоң көпүрөнү оңдоо иштери башталган. Бирок ушул кезге чейин курулуш иштери аягына чыкпай, 5 айылдын тургундарына чоң көйгөй жаратып келүүдө. Бул көпүрө Ак-Талаа районуна караштуу Көк-Жар, Ак-Кыя, Кызыл-Белес, Жаңы-Талап жана Тоголок Молдо айылдары, Соң-Көл жайлоосу, ошондой эле Тогуз-Торо району менен болгон байланышты түзүп турган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
1
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Тема боюнча:

01.06.2017Нарын дарыясындагы чоң көпүрө кыйроо коркунучунда турат, - Ак-талаалыктар (видео, фото)
16.06.2017Фото - Нарын дарыясындагы чоң көпүрөнүн тирөөчү чөгүп кетип, унааларга чектөө киргизилди
20.06.2017Фото - Нарын дарыясындагы чоң көпүрө пайдаланууга жараксыз деп табылды
21.06.2017Нарын дарыясындагы чоң көпүрө толук жабылып, 4 айыл менен болгон каттам үзүлдү (фото)
25.07.2017Нарын дарыясындагы чоң көпүрөнү оңдоо иштери башталды (фото)
09.11.2017Ак-талаалыктар Нарын дарыясындагы көпүрөнүн оңдоо иштери кечеңдеп жатканына нааразы
14.11.2017Нарын дарыясындагы көпүрөнүн оңдоо иштери бүтпөй калуу коркунучунда турат, - тургундар
07.03.2018Нарын дарыясындагы чоң көпүрөнүн курулушуна байланыштуу унааларга чектөө киргизилди (видео, фото)
26.03.2018Курулушу бүтпөгөн Нарын дарыясындагы көпүрө: Транспорт министрлиги ак-талаалыктардан кечирим сурады (видео, фото)
31.03.2018Курулушу бүтпөгөн Нарын дарыясындагы көпүрө: Вице-премьер Д.Кенекеев каражат бөлдүрүп берүүнү убадалады (видео, фото)
03.04.2018Курулушу бүтпөгөн Нарын дарыясындагы көпүрөнүн кесепетинен Жаңы-Талаптагы жол асфальтталбай калган
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4912
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×