Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 14.05.2018 15:28

Казыбек айылдык кеңештин депутаттарын шайлоого 1,2 миң шайлоочу катышты

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Казыбек айылдык кеңештин депутаттарын шайлоого 2 миң 397 шайлоочунун ичинен 1 миң 236 шайлоочу катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 13-майда Ат-Башы районундагы Казыбек айылдык кеңештин депуттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү. Шайлоо 2 участкада өтүп, 11 мандатка жалпысынан 28 талапкер ат салышты.

Шайлоонун жыйынтыгы 16-майда расмий жарыяланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×