Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 14.05.2018 13:05

Жаш талант: Бекзат патриоттук ырларды жаратып, кароо-сынактарга катышып келет (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылынын Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Бекзат Майрамбек уулу келечекте эл көйгөйүн коомго ачык чыгарган журналист болууну кыялданып келет. Ал учурда патриоттук ырларды жаратып, кароо-сынактарга катышып келет. Жаш акын менен аймактык кабарчы таанышты.

Бекзаттын айтымында, ыр жазуу таланты ата-тегинен калган. Алардан өткөн бул акындык өнөрүн жерге таштабай өнүктүрүп, өзү жаш болсо дагы эл-жерди сүйүүгө чакырган чыгармаларды жаратууда.

«Ыр жазууга 5-класстан баштап кызыгып, 4 саптуу ырларды жазып баштагам. Негизинен чоң аталарым, чоң апаларым, тактап айтканда ата-тегибизде акындар, чыгармачыл адамдар болгон экен. Алардан мага ыр жазуу өнөрү жугуптур десем болот. Бир туугандарымдын арасынан китеп чыгаргандары да бар.

Мен чоң акын эмесмин. Болгону ыр жазганга кызыгуум бар. Көбүнчө мекенди, эли-жерди, ата-энени сүйүүгө чакырган жана шык берүүчү ырларды жазганды жактырам. Учурда алардын саны отуздай болуп калды», - деди ал.

Жаш акын бир канча жолу кароо-сынактарга катышып байгелерди алып келет.

«Ар бир адам мекенге эмне пайда алып келе алам деп ойлонот эмеспи. Мен дагы өз элиме көп пайдам тийген, чындыкты чагылдырган мыкты журналист болууну кыялданам. Элеттеги көйгөйлөрдү сыналгы болобу, үналгы аркылуу болобу бийликке жеткирип, көйгөйлөрдүн чечилишине чоң жардам берсем дейм. Мектепти аяктасам, журналистика тармагына тапшырып, кыялымдагы кесипти аркалап кетүүгө бел байлайм», - деди жаш акын Бекзат Майрамбек уулу.

Жаш акын буга чейин мектептер аралык кароо-сынакка катышып ардак грамоталар менен сыйланып келген болсо, эми райондук кароо-сынактарга катышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×