Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Нарын облусуНарын району 14.05.2018 12:25 Жаңыланды: 14.05.2018 16:28

Мекендештер: 37 жаштагы У.Жунусалиев Москвада «Нарын Теңир-Тоо» коомун жетектейт (фото)

Turmush -  Нарын районунун Орто-Нура айылында туулган 37 жаштагы Урматбек Жунусалиев акыркы 9 жылдан бери Москва шаарында эмгектенет. Аймактык кабарчы мекендешибиз менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал жумуш жоктугуна байланыштуу эмгек мигранты болуп, Москва шаарына кетүүгө аргасыз болгон.

«Москвага келгенде көп жумушта иштедим. Башында көчө шыпыруучу болуп, курулуш тармагында дагы эмгектенип жүрдүм. Кийин батирлерди оңдоо иштерин үйрөнүп, ошол боюнча иштеп кеттим. Азыр бир жардамчым бар. Батирлерди оңдоо иштерине байланыштуу кеңештерди интернеттен карап үйрөнүп алдым. Айлыгым 40 миң рублду түзөт», - дейт ал.

У.Жунусалиев мындан тышкары, Москвада түзүлгөн «Нарын Теңир-Тоо» коомунун төрагасы катары иш алып барат.

«Москва шаарында түзүлгөн «Нарын Теңир-Тоо» коомунун төрагасы болуп жаштардын сунушу менен шайланган элем. Бош убактымда жаштар менен иш алып барууга аракет кылам. Аталган коом бөтөн жерде иштеп жүргөн мекендештерибиздин башын бириктирип, алардын ынтымагын бекемдөө максатында түзүлгөн. Ошондой эле өз мекенибизге жардам берүү боюнча бир нече идеяларды ишке ашырууга аракет кылып жатабыз.

Келечекте өз өлкөмө барып, ишкерлик баштоону пландап жүрөм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×