Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Айыл турмушу: 40 жылдык өмүрүн медицина арнаган З.Базарбаева айылдан качкан жаш дарыгерлерге нааразы (фото)

Turmush -  Нарын районунун Учкун айылындагы Сталбек Дайракунов атындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жалгыз дарыгери Замира Базарбаева 40 жылдан бери айыл жеринде медицинага салымын кошуп келүүдө. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Замира Базарбаева Миң-Булак айылынын кызы. Ал Учкун айылына келин болуп келген.

«Мен 1954-жылы Миң-Булак айылында төрөлүп, ошол жерден 10-классты бүтт\м. Мединститутка балдар оорулары боюнча адистигине өтүп, 1978-жылы Нарын облустук ооруканасында 12 жыл иштедим. Турмуш шартка байланыштуу Куланак айылында иштеп, андан кийин жолдошумдун жумушуна байланыштуу Учкун айылында иштеп калдым.

Мектепте окуп жүргөндө эле дарыгер болсом деп тиленчүмүн, балдарды дарыласам деген дилгирлигим күчтүү эле. Азыр үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда болгондуктан жалпы айыл элинин ден соолугун карайбыз. Айылга келгениме 28 жыл болду, айыл жери менен шаардын айырмасы асман менен жердей экен. Шаарда ченем менен иштесек, айыл жеринде түнү менен кайрылгандар көп болот. Айыл калкы 2500 адамга жетти, ошонун баарын тейлөөгө жетишебиз. Кудайдын кулагы сүйүнсүн калк жылдан жылга көбөйүүдө», - деди Базарбаева.

Учурда аталган айылда 14 жашка чейинки балдардын саны 780, ал эми 1 жашка чейинки балдардын саны 60. Төрөт жашындагы аялдардын саны 525ге барат.

«Ушунча жыл ичинде көп тажрыйба алдым, кесибим педиатр болгонуна карабастан, бардык бейтаптарды кабыл алууга туура келет. Бардыгын практика жүзүндө ишке ашыра алдым десем болот. Мурда тажрыйба жок болгондуктан кыйналган күндөр болгон. Азыр жумушта оорчулук жок десем болот. Жаш кадрлар келсе абдан жакшы болор эле. Айылдан качып жүрүшөт, патриот дарыгерлер келип калар деген үмүттөбүз. Азыркы жаш дарыгергер айылдан качканына нааразымын», - деди ал.

Учурда дарыгер үй-бүлөлүү, 2 уулу, 2 кызы жана 7 небереси бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1652
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×