Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Ат-Башыда согуштун ардагери М.Маамытовдун жаркын элесине арналган футбол мелдеши өттү (фото)

Turmush -  Ат-Башы районундагы Өзгөрүш айылында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Мустапа Маамытовдун жаркын элесине арналган футбол мелдеши өттү. Бул тууралуу айыл активисти Рахат Кыдырбаев билдирди.

Анын айтымында, мелдешке 8 команда катышты. Спорттук иш-чараны ардагердин небереси Бакыт Мустапаев уюштуруп, байге фондуна 10 миң сом бөлүнгөн. Мелдеште Талды-Суу, Биринчи-Май айылдарынан 4 команда, Өзгөрүш айылынан 4 команда жана окуучулар, жаштардан түзүлгөн команда күч сынашты.

Согуштун ардагери М.Маамытов 15 жыл мурун көз жумган. Анын жаркын элесине арналып акыркы 3 жылдан бери футбол мелдеши өтүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1377
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×