Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Нарын облусуНарын району 11.05.2018 18:08

Жакшы тилек — жарым ырыс: Нарындыктар жакындарына телефон чалып, жылуу сөздөрүн арнашты (видео, фото)

Turmush -  Бүгүн, 11-майда Нарын шаарында активист жаштар «Жакшы тилек — жарым ырыс» аталышындагы акция уюштурушуп, катышуучуларга таттуулар берилди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аталган акциянын жүрүшүндө шаар тургундары ата-энелерине жана туугандарына телефон чалып, жакшы калоо-тилектерин айтышты.

«Тургундар акциянын жардамы менен ата-энесине телефон чалып, айтпай жүргөн каалоо-тилектерин, жылуу сөздөрүн айтып, бизге ыраазы болушту», - деди активисттер.

Акциянын уюштуруучуларынын айтымында, эми ар жума сайын ушул сыяктуу иш-чаралар өткөрүлүп турат. «Кийинки жумада ишембилик акциясы өтөт. Ага активдүү жаштарды чакырабыз», - деп кошумчалашты активисттер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×