Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Нарын

Айыл турмушу: 26 жаштагы Т.Казаков айылда желимдөө жайын иштетүүдө (видео, фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Тилек Казаков айылда дөңгөлөктөрдү желимдөө жайын иштетет. Айыл элинин баары ушул желимдөө жайына келип, унааларын оңдоодон өткөзүп кетишет. Айылдык ишкер менен аймактык кабарчы таанышты.

Тилек Казаков 1992-жылы Нарын районуна караштуу Учкун айылында төрөлгөн, 4 бир тууган. Аталган айылдагы мектепти бүтүрүп, кийин Бишкек шаарына окууга тапшырып, тилекке каршы ал окуусун аяктабай калган. Учурда Учкун айылында чоң ата, чоң энеси жана үй-бүлөсү менен бирге чакан желимдөө жайын ачып иштетүүдө. Ал айылдагы жападан жалгыз унаа оңдоочу жай.

«Айылда бир гана вулканизация бар болгондуктан, айыл эли үчүн жаңы жаңылыктарды алып келип, унаанын бардык кемтиктерин жасоого мүмкүнчүлүктөр пайда боло баштады. Оңдоого керектелүүчү жабдыктарды акырындап ала баштадым. Бир күндө ондон ашуун адамды тейлөөгө жетишем. Ал эми тапкан кирешем күнүмдүк оокат кылганга жетет.

Мындан сырткары жүк ташуучу унаа айдап, элдин кум-шагылын тартып берем, жайында чөп чабам. Талаачылык, мал чарбасы менен да алек болом. “Өзүң билген жумуштан эч качан чарчаба” деген принцип менен тынбай иштейм. Айылда жаштар көп эле десем болот, ар бирибиздин алдыга койгон максаттарыбыз көп. “Жаштын тилегенин берет” дегендей эң башкысы айылга керектүү нерселерди жасап, айылдын өнүгүүсүнө салым кошсок деген чоң тилектерибиз бар», - деди Т.Казаков.

Тилек учурда үй-бүлөлүү, 1 баланын атасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 990
Көп окулду
×