Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Нарын облусуНарын району 11.05.2018 12:04

Нарындын Чет-Нура айылында казылып жаткан дренаж толук бүтпөй калды, - тургундар (фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Чет-Нура айылында жер астынан чыккан сууларды азайтуу үчүн казылган дренаж толук бүткөрүлбөй калган. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар райондун жетекчилерине билдиришти.

Маалым болгондой, аталган айыл саз үстүндө курулгандыктан жер алдынан чыккан суу жергиликтүү тургундардын турак жайларына зыянын тийгизип, жарактап чыгарып баштаган.

«Өткөн 2017-жылы айылдын четинде жер алдынан чыккан суунун көлөмүн азайтуу үчүн 50 метр жер аянты дренаж катары казылган. Казуу иштери айылдагы кээ бир тургундардын турак үйлөрүнүн жанында, көчөлөрдө болгондуктан айрым жашоочулар казуу иштерине каршы чыгышып, дренаж толук казылбай калган», - деп билдиришти айыл тургундары.

Ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул маселе боюнча ӨКМдин райондогу бөлүмүнө тапшырма берилерин жана тургундарга түшүндүрүү иштерин жакшы жүргүзүү караларын айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×