Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Нарын

Кочкордогу мектептерде акыркы коңгуроодо оюн-зоокторду өткөрүүгө тыюу салынууда (фото)

Turmush -  Кочкор районундагы мектептерде 25-майда акыркы коңгуроо салтанатында ар кандай оюн-зоокторду өткөрүүгө тыюу салынууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кочкор районунун ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Кочкор РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын аймактык тескөөчүлөрү райондун имамы Жеңиш Арзымкожоев менен бирдикте Ак-Кыя айылындагы Ү.Бейшеев атындагы, Чекилдек айылындагы К.Темиров атындагы жана Соң-Көл орто мектептеринде болушуп, ата-энелердин жыйынына катышты.

Жыйналышта аймактык тескөөчүлөр акыркы коңгуроо учурунда ар кандай оюн-зоокторду уюштурууга жана жаш өспүрүмдөргө автоунааны башкарууга тыюу салынгандыгын айтышты. Райондун имамы Ж.Арзымкожоев да ата-эне менен балдардын ортосундагы мамиле, баланы ыймандуулукка тарбиялоо тууралуу баяндама жасады. Иш-чара райондогу башка мектептерде да жүргүзүлүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 451
Көп окулду
×