Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Айыл турмушу: Сүрөтчү С.Муратбеков буйрутма менен мектептерди жасалгалап, устачылык менен алектенет (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын 62 жаштагы тургуну Сантажбек Муратбеков бала кезинен бери сүрөт тартууга абдан кызыгып келген. Кийин ал сүрөт окуу жайына тапшырып, учурда балдарга өз кесиби боюнча билим берип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Мугалимдин айтымында, 25 жылдан бери окуучуларга билим берип, устачылык менен дагы алектенет.

«Мен кичинемден бери эле сүрөт тартууга жана устачылыкка абдан кызыгып, азем буюмдарды жасап жүрчүмүн. 1989-жылы Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде дизайн жагын аяктап, ошондон азыркы күнгө чейин сүрөт, чийүү жана кол эмгек сабактарынан окуучуларга билим берип келем. Учурда айылыбыздагы музыкалык мектепте 2 жылдан бери эмгектенүүдөмүн. Буга чейин Каракол шаарындагы телерадиокомпаниясында жана мектепте, ошондой эле Ат-Башы айылындагы мектептерде иштеп, аларды азыркы убакка чейин жасалгалап келем.

Окуучуларга билим берүүдөн тышкары буйрутма менен азем буюмдарды жасап, сүрөт тартып кошумча киреше табуудамын. Ошону менен бирге 1993-жылдан бери устачылык менен алектенип, үй буюмдарын бүт жасайм. Алдыда айылга музей ачайын деген оюм бар», - деди ал.

Устанын жубайы Г.Айтбаева экөөнүн баш кошконуна быйыл 25 жылдын жүзү болду. Алар 2 кызды чоңойтуп, 2 неберени тарбиялап жатышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1262
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×