Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусуКочкор району 09.05.2018 17:12

Кочкордо «Өлбөс полк» жүрүшү өттү (видео, фото)

Turmush -  Кочкор районунда Улуу жеңиштин 73 жылдыгына карата «Өлбөс полк» жүрүшү өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Белгилүү болгондой, акциянын катышуучулары эки топко бөлүнүп, Жаңы-Жол жана Теңдик айылындагы согуштун катышуучуларына арналган эстеликке гүлчамбар коюшуп, жүрүшкө чыгышты. Андан соң, аталган эки топ райондун борборунан кошулуп, райондук мамлекеттик администрациянын имаратынын алдындагы эстеликтин алдына чогулушту. Эстеликке гүлчамбар коюлуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун арбагына багышталып куран окулду.

Эскерүү иш-чарасында Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов, райондун прокурору Кубанычбек Нурулаев, эмгектин ардагери Кадыке Макеев, жеке ишкер Рахат Ирсалиев, ардагерлер кеңешинин төрагасы Абамүдүн Кашкелеңов, Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Рахат Абакиров куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, Улуу Ата Мекендик согушта эл жерди коргоп, тылда күн-түн эмгек кылган аталардын, энелердин эрдиктери, эмгектери түбөлүк унутулгус экендигин айтышты.

Кочкор районунан Улуу Ата Мекендик согушка 5510 жоокер катышса, анын 1383 адамы кайтпай калган. Бүгүнкү күндө согуштун жалгыз ардагери, тылдын он катышуучусу калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×