Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Жумгалда согуштун ардагерлерине 5000 сомдон акчалай жардам көрсөтүлдү (видео, фото)

Turmush -  Жумгал районунда Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, ардагерлерге көмүр берүү үчүн сертификаттар жана райондук социалдык фонддон 5000 сомдон акчалай жардам тапшырылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, майрамдык иш-чаранын башында согуштан курман болгондорго арнап өчпөс отко гүлчамбар коюлду. Район акими Адыл Сапаров баш болгон жетекчилер райондун бардык ардагерлерин куттукташты. Андан соң, ардагерлерге концерттик программа тартууланып, ысык тамак берилди.

Үч жүзгө чукул эл райондун борборунан ардагерлерге арналып тургузулган эстеликке чейин жөө басышты.

Жумгал районунда болгону согуштун 2 ардагери жана 8 тылдын эмгекчиси бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1175
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×