Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-январь
Нарын облусуЖумгал району 08.05.2018 16:38

Түндүк-Түштүк жолунун 3-фазадагы Эпкин—Баш-Кууганды бөлүгүн куруу иштерине 114,35 млн доллар каралган

Turmush -  Чаек—Кочкор унаа жолундагы жалпы 70 км аралыктагы жолду куруу иштери ушул жылдын 3-кварталында башталат, ага 114,35 млн доллар каралган. Бул тууралуу Жумгал районунун акими Адыл Сапаров билдирди.

Анын айтымында, куруу иштери Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 3-фазадагы Эпкин—Баш-Кууганды бөлүгүндө жүрөт.

«Донору — Азия өнүктүрүү банкы. Жалпы наркы 114,35 млн долларды түзөт. Анын ичинен насыя 58,39 млн доллар, грант 36,72 млн доллар болсо, өкмөт тарабынан 19,24 млн доллар каралган», - деди ал.

FB_IMG_1525754963575

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×