Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Ак-Талаанын Терек айылында жолбун иттер жергиликтүү тургундардын 11 баш коюн жеп кетти (видео, фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Терек айылында жолбун иттер тургундардын койлорун жеп жаткандыгын жергиликтүү жашоочу Улан Казиев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, учурда айылда жолбун иттер көбөйүп, алар мал-жандыктарына кол салып, жергиликтүү тургундардын 11 баш коюн жеп кеткен.

«Ит атуу иштери 2 жылдан бери уюштурулбагандыктан өткөн жумада жолбун иттер жергиликтүү тургундардын 11 коюн жеп кетип, чыгымга учуратты. Мындан мурун дагы бирөөнүн коюн жеп жаткан 3 итти атып өлтүрдүм. Жыл сайын ит атуу иштери уюштурулушу керек эле, бирок уюштурулган жок. Учурда дагы иттер жүрөт. Эртең дагы мал-жандыкка кол салбайт, жебейт деп ким кепилдик бере алат?», - деди У.Казиев.

Айыл өкмөт башчысы Съездбек Мыктыбеков ит атуу боюнча порталга тендер жарыяланып, бирок ага эч ким катышпай койгондугун айтты.

«Туура. Былтыр ит атуу уюштурулбагандыгы чын. Быйыл ит атууга деп 5 миң сом каражат бөлүп, порталга жарыялаганбыз. Бирок порталдан тендерге эч ким катышпай койду. Ошол себептен улам ит атуу колго алынбай жатат», - деди айыл өкмөт башчысы.

Ал эми, мурунку айыл өкмөт башчысы У.Казиевдин айтымында, эгер тендер порталга жарыяланып, ага эч ким катышпай койсо, кыска убакыт (3 күн) ичинде кайра жарыялаш керек.

«Эгер, мында дагы эч ким катышпай койсо, анда ок-дары саткан ишкер менен келишим түзүп, ок-дарысын алып, жергиликтүү мергенчилерге аттырса болот», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4125
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×