Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 07.05.2018 14:11

Айрым жумгалдыктар өкүлдүн орун басарын жолдон кармап, Чаек—Бишкек жолунун тез арада жасалышын талап кылышты (видео, фото)

Turmush -  Жумгал районунун Жумгал айылынын айрым тургундары облус башчысынын биринчи орун басары Касен Асизовду жолдон кармап алышып, Чаек—Бишкек унаа жолунун тез арада жасалышын талап кылышты.

Аймактык кабарчы билдиргендей, айыл тургундары Касен Асизовго жол жыл сайын оңдолот деп келишкен райондук, облустук бийликтин ишмердүүлүктөрүнө нааразы экендигин айтышты. Ошондой эле, Түндүк-Түштүк жолу жасалат деген шылтоо менен арадан бир топ жыл өтүп, аталган унаа жолунда жүрүүгө такыр болбой калгандыгын билдирип, облус башчысынын орун басарынын убадасын алууну көздөштү.

«Сизди жолдон тосуп алганыбыздын себеби, биз тажадык. Бийликтегилер элди ойлоп иштебейсиңер. Жол министри келип, " айылга өткөрмө пункт 15 күндө коюлат" деген, андан бери 3 жыл өттү. Чоңдор иштебейт, жол тосбосок, жолду оңдошпойт. Аким Адыл Сапаров "өзүм баштайм, жолго шагыл төгүп тазалап, таптап аң-чуңкурларды толтурабыз деп сөз берген. Анысы деле жок. Сиз мынча күндө бүтөт деп убада бериңиз, жол асфальтталбаса дагы шагыл же бетон төгүп жасап беришсин», - деди чогулган жергиликтүү жаштар.

Мындан тышкары, алар айылды аралап өткөн көмүр тарткан унаалар жолду талкалап жатышкандарын айтышты.

«Алар келе жатканда бош келишет. Аларга жолдон шагыл, кум жүктөттүрүп, ошол аң-чуңкур жолдорго төгүп кетишсе, жол тейлөө мекемесинин техникалары таптап оңдоп турушса жакшы болот эле», - деп кошумчалашты.

Ал эми өкүлдүн орун басары «элдин атынан жогору бийликке кайрылуу жолдогула, жол оңдоого биз да аракет кылабыз» деген убадасын берип, элди сооротуп кетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×