Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Билим берүү бөлүмүнүн эсепчиси мейманканада Эсептөө палатасынын кызматкерине пара берип жатканда кармалды, - булактар

Turmush -  Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн бухгалтерлери Бишкек шаарынан текшерүүгө келген Эсептөө палатасынын кызматкерине пара берип жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өздүк булактар билдиришти.

Маалым болгондой, аны колго түшүрүү процесси 2018-жылдын апрель айынын аяк ченинде Нарын шаарындагы мейманканалардын биринде УКМКнын Нарын облусундагы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү. Учурда пара берип жатканда кармалган кызматкерлер ооруканада жатканы да айтылууда.

Ал эми аймактык кабарчыга Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Белеков бул иш боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын, эч кандай маалымат бере албастыгын билдирди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 14920
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×