Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Кочкордогу унаа кырсыктан айдоочу жаракат алып, 11 жаштагы баласы мерт болду (фото)

Turmush -  Бүгүн, 4-май Кочкор районундагы Кубакы ашуусунан «Мазда» үлгүсүндөгү унаа кырсыкка учурап, 11 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, кырсык саат 17:15 чамасында болгон. Анда унаа жол четиндеги цемент тосмого урунган. Анын кесепетинен 1977-жылы туулган адам жаракат алып, Кочкор райондук ооруканасына жаткырылды. Унаада өзү менен кошо келе жаткан 11 жаштагы баласы мерт кетти. Окуя болгон жерде укук коргоо кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6272
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×