Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Нарын

Фото - Ат-Башыда 10 адам бараткан унаа башкаруусун жоготуп, оодарылып кетти

Turmush -  Бүгүн, 4-майда саат 15:00 чамасында Ат-Башы районунда жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 10 адам жаракат алды.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдиргендей, Бишкек—Нарын—Торугарт жолунун 383-чакырымында, Ат-Башы айылына жетпей «Субару Аутбэк» үлгүсүндөгү унаа мөндүр жаагандыктан улам башкаруусун жоготуп, оодарылып кеткен. Аны 30 жаштагы айдоочу башкарып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен унаанын 10 жүргүнчүсү (бешөө жаш балдар) медициналык мекемелерге кайрылган. Алардын ичинен экөө оор жаракат алган.

Жол кырсык боюнча топтолгон материалдар Ат-Башы РИИБге өткөрүлүп берилет. Учурда окуя болгон жерде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жана ыкчам тобу иш алып барууда.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, жабыркаган адамдардын бардыгы райондук ооруканага жеткирилген. Алар:

- 1972-жылы туулган У.А. (аял киши), Нарын шаарынын тургуну, жандандыруу бөлүмүндө;

- 1959-жылы туулган У.М., баш мээси чайкалган, хирургия бөлүмүндө;

- 1992-жылы туулган Б.Б., баш мээси чайкалган, хирургия бөлүмүндө;

- 2016-жылы туулган Ж.И, баш мээси чайкалган, хирургия бөлүмүндө;

- 2014-жылы туулган И.А, акыреги сынган, хирургия бөлүмүндө жатат.

Ошондой эле жабыркаган 5 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө.

- 2015-жылы туулган Ж.Н. (эркек бала);

- 2011-жылы И.Б. (эркек бала);

- 1960-жылы туулган М.И. (эркек адам);

- 1988-жылы туулган С.У. (эркек адам);

- 2016-жылы туулган И.А., (кыз):

Учурда алардын абалы туруктуу деп бааланууда.


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9842
Көп окулду
×