Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Нарында Орток айылынын айрым тургундары жер үлүштөрү боюнча нааразычылык акциясына чыгышты (фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Орток айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылынын тургундары мамлекеттик фонддун жерлери үлүш жер катары бөлүнүп берилишине нааразы болуп чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 4-майда Кайыңды айылынын жыйырмадан ашуун тургундары Нарын шаарындагы Нарын райондук мамлекеттик администрациясына жана өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына келип, жергиликтүү бийликке нааразычылыктарын билдиришти.

Кайыңды айылынын тургуну Азис Муңайтпасов буларга токтоду.

«Айылдагы маселелер боюнча чогулуп келдик. Биздин Кайыңды айылындагы мамлекеттик фонддун жерлери бар. 2017-жылы 5 жылдык мөөнөткө ижарага жер алганбыз. Аукцион өткөн, баары мыйзамдуу болгон.

Башка аймактарда жүрүп, үлүш жер албай калган адамдар бар экен. Ошол адамдарга үлүш жерлерди чектетип берүү боюнча чечим чыгыптыр. Алар кандай максатта, кандай жол менен чечим чыкканын билбейбиз. Азыр ошол адамдарга мамлекеттик фонддун 17,5 гектар жерин бергени жатышат», - деди А.Муңайтпасов.

Ал эми Орток айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Сеңирбаевдин айтымында, 2009-жылы мамлекеттин үлүш жерин албай калган кишилерге жер аянттарын бөлүп берүү боюнча токтом чыгып, анын негизинде өкмөткө тизме кеткен.

«Былтыр 2017-жылы 2009-жылы чыккан токтомдун негизинде тизмеге кирген 13 адам үлүш жерин бөлүп берүү боюнча мага кайрылышкан. Буга чейин бөлүнө турган үлүш жерлер такталган эмес. Мындан улам Бишкектеги Мамлекеттик каттоо кызматына расмий кат жазып, анын негизинде ижарага берилген жерди бөлүп берүү боюнча токтом чыккан. Ал жерди айылдын тургундары ижарага алып пайдаланып турушкан. Эми өкмөттүн токтому чыккандан кийин биз аны аткарууга милдеттүүбүз.

Былтыр ижара жерлерди иштеткендерге ооз эки айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Бул жер үлүшкө берилет деп ар бирине кат дагы жибердик. Буйрук чыкканына карабай бул жерди ижарага алганбыз, пайдаланышыбыз керек деп токтомду аткарбай жатышат.

Негизинен биздин айыл өкмөткө караштуу жерлерге ГЭС курулат деп, ГЭСтин аймагына өткөрүлүп берилгендиктен жерлерибиз азайып калган. Ал эми нааразы болгон айыл тургундары ар кайсы жылдары жерлерди алышыптыр. Мен дагы юристтер менен кеңешип, өкмөттүн токтому менен ижара ээлерине кат түрүндө кайрылып, жерди кайтарып алууга болорун билдим», - деди А.Сеңирбаев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1427
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×